ГИССАР КОЮ

ГИССАР КОЮ – эт-май багытындагы, тегерек куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Салмагы боюнча дүйнөдөгү койлордун ириси. Тажикстанда элдик селекциянын негизинде чыгарылган. Жыл бою жайытта багылып, катаал шартка чыдамдуу келет. Кочкорунун салмагы 130–140 кг, эӊ чоӊу 190 кг, соолугу 80–90 кг, айрымы 150 килограммга жетет. Куйругу 18–20 кг. Гиссар кою чымыр, башы чоӊ, токол, шалпаӊ кулак; тез жетилет. Сойгондо 58–60% эт чыгат. Кочкорунан 1,3–1,6 кг, соолугунан 1,0–1,4 кг жүн кыркылат. Алты айлык козусунун салмагы 60 килограммдан ашат. Жүнүнүн 38–80% тыбыт. Бир жылда 2 жолу – жазында жана күзүндө кыркылат. Таза жүнү 60–70%. Гиссар кою Тажикстанда, Өзбекстан жана Кыргызстандын айрым райондорунда асыралат. Кыргызстанда Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы «Айкөл» кооперация чарбасында гиссар кою кыргыз уяӊ жүндүү кою менен аргындаштырылып, айкөл коюнун тобу чыгарылган.
