ГИФУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИ́ФУ – Япониядагы шаар. Хонсю аралынын борборунда жайгашкан. Гифу префектурасынын административдик борбору. Нагара дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 409,2 миӊ (2014), темир жол тоому. Машина куруу, текстиль, тигүү, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Туризм өнүккөн. 1891-жылкы жер титирөөдөн кийин калыбына келтирилген.