ГЛОБАЛИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОБАЛИ́СТИКА (лат. globi – шар) – жалпы адамзаттык, жалпы дүйнөлүк көйгөй маселелерди (өз ара байланышта) изилдеген өзгөчө илимий тармак. Негизинен планеталык масштабдын деӊгээлиндеги макросоциалдык системалардын карым-катыштарынан келип чыккан маселелерди чечүү мүмкүнчүлүктөрүн, ар кандай албан алаамат-капсалаӊдарга каршы көрүлгөн жалпы дүйнөлүк иш-чаралардын моделин аныктайт. Жердин чектелген мүмкүнчүлүктөрүн математикалык усулдар аркылуу изилдөөдө алынган илимий-теориялык тыянактар аркылуу Жер шарынын келечек тагдырын прогноздоо да Глобалистиканын объектисине кирет.