ГЛОБУЛИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОБУЛИНДЕР (лат. globulus – тоголок) – табиятта кеӊири таралган белоктор тобу. Туздардын, кислоталардын, щелочтордун начар эритмелеринде жакшы, сууда начар эрийт; аммоний сульфатынын каныккан эритмесинде чөгөт. Өсүмдүк ж-а жаныбар ткандарында болуп, цитоплазма, кан ж-а лимфанын суюк бөлүгүнүн курамына кирет. Кан сары суусунун белогунун дээрлик жарымынглобулиндер түзөт. Глобулиндердин көбү жөнөкөй белоктор, айрымдары углеводдор, липиддер, нуклеин кислоталары, иод (тиреоглобулин) м-н байланышкан. Организмдин иммундук касиетин (антитело) аныктайт. Кандын уюшуна (протромбин, фибриноген ж. б.) темир, жез ташууга катышат. Кандын суюк бөлүгүндө глобулиндерден башка альбумин белоктору кездешет. Гамма глобулиндер дары катары колдонулат.