ГЛОТТОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОТТОГЕНЕ́З (гр. gоtta – тил ж-а ...генез) – адамдын табигый тыбыштык тилинин калыптануу процесси; тилдин келип чыгышы жөнүндөгү философиялык, психологиялык көз караштардын уландысы. Комплекстүү маселе катары лингвистикалык ыкмалардын ж-а адам жөнүндөгү илимдердин жардамы м-н изилденет. Салыштырма-тарыхый метод тилдик топтордун баба тилинин болжолдуу формаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет; ал эми тарыхый типология методу аркылуу негизги тилдик категориялардын калыптануу жолдорун аныктоого болот. Антропологиялык ж-а ага жакын илимдердин методдору адамдын азыркы типтеги табигый тыбыштык тили болжол м-н 100 миӊ жыл мурда пайда болгонун көрсөткөн. Глоттогенез теориясы лингвист-окумуштуулар А. Громбетти, Б. Розенкранц, антропологдор В. В. Бунак, Г. У. Хьюс, А. Либерман, палеоневролог В. И. Кечеткова тарабынан иштелип чыккан. 1984-жылы Парижде Глоттогенезди изилдөө боюнча эл аралык борбор түзүлгөн.