ГОБЕЛЕН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГОБЕЛЕ́Н (французча gobelin) – Париждеги гобелендик деп аталган мануфактурада (1662-жылы негизделген) дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку көркөмдүк сапаттагы, колго токулган килем (к. Шпалер). Боёкчу Гобелендердин ысмынан аталган. Көрүнүктүү Париж гобелени XVII кылымда ири сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү (картондор) боюнча иштелип чыккан жана татаал көп фигуралуу композицияларды чагылдырышкан. Гобелендин мыкты көргөзмөсү Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталган. Кеӊири мааниде – өндүрүлгөн мезгили
орду, мүнөзүнө карабастан, жогорку көркөм сапаттагы жана көбүнчө, татаал көркөм сүрөттөр түшүрүлүп согулган бардык килемдер, материалдар.


