ГОБОЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГОБО́Й (фр. hautbois – бийик дарак) – жыгачтан жасалган үйлөмө музыкалык аспап. Ал сурнай тибиндеги эски үйлөмө музыкалык аспаптардан тараган. XVII кылымдын 2-жарымында Францияда пайда болгон, XVIII–XIX кылымдарда көзөнөктөрү, клапандары көбөйтүлөт. Боорунда 25 көзөнөгү бар, анын 22–24ү клапан менен жабылган. Ал кичинекей камыш түтүкчө аркылуу үйлөнөт. Гобой – симфониялык жана опералык оркестрдеги үйлөмө жыгач аспаптардын маанилүүсү, жеке жана ансамблдик аспап катары да колдонулат.
