ГОЗОПАЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГОЗОПАЯ – пахта аӊызындагы пая. Ар га аӊызда 3–6 тга чейин гозопая калат. Айрым жерде ал жер семирткич катары айдалып ташталат. Өнөр жайда сапаттуу кагаз, картон, курулуш материалдарын чыгаруу үчүн колдонулат. Гозопаяны жергиликтүү эл отун катары да пайдаланат.