ГОЗО ИЛДЕТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЗО ИЛДЕТТЕРИ – пахтанын түшүмүнө зыян келтирүүчү ак балек, гоммоз, тамыр кара жамасы ж. б. вирустуу илдеттер. Булардын эӊ коркунучтуусу – ак балек. Ал гозонун өөрчүүсүн, өсүүсүн токтотуп, пахтанын түшүмүн эки же андан көп эсе төмөндөтөт. Тамыр кара жамасы м-н гоммоз илдеттери гозону 60–70%ке чейин зыянга учуратат. Гозо илдеттерине каршы күрөшүү үчүн илдетке туруктуу жаӊы сортторду чыгаруу, которуштуруп эгүү, чигитти эгүү алдында «ууландыруу», пахта талааларына химикат чачуу сыяктуу чаралар көрүлүп, илдеттүү гозопая орулуп ташталат.