ГОЛУБИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛУ́БИН Владимир Николаевич (2.7.1909, Анжеро-Суженск шаары – 10.8.1993, Бишкек) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Орто Азия политехникалык институтунун геологиялык чалгындоо факультетин бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР геология башкармалыгынын башкы геологу, башкы инженери, начальниги (1938–61), Казак ССР геологиялык башкармалыгынын начальниги (1954–56). Кыргызстандын кен байлыктарын ачуу, чалгындоо ж-а аларда геологиялык жумуштарды жүргүзүүнү өркүндөтүүгө олуттуу салым кошкон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайланышы) депутаты. Урандын Кыргызстандагы ири кендерин чалгындоого активдүү катышкан. Эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.