ГОЛЬФСТРИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЬФСТРИ́М (англ. gulf – булуӊ ж-а stream – агым) – Атлантика океанынын түн. бөлүгүндөгү жылуу агымдар системасы. Флорида кысыгынын түш. бөлүгүнөн башталып, Мексика булуӊунан агып чыгып, Түндүк Американын Атлантика океаны жак жээгин бойлой түндүктү карай Чоӊ Ньюфаундленд банкасына чейин агат да, андан ары Түндүк Атлантика агымы деп аталат. Флорида жарым аралынан Шпицберген, Жаӊы жер аралына чейинки жалпы узундугу 10 миӊ кмдей. Гольфстримдин Флорида кысыгындагы чыгымы 25 млн м3/сек. Океанда ал Антил агымы м-н биригет да, 38 градус түндүк кеӊдикте чыгымы 82 млн м3/секга жетет. Агымдын жазылыгы түштүгүндө 75 км, тереӊдиги 700–800 м, ылдамдыгы 300 см/секга, суунун бетиндеги температурасы 24°Сден 28°Сге чейин, Чоӊ Ньюфаундленд банкасы тушта жазылыгы 200 кмге, ылдамдыгы 80 км/секга, суунун бетиндеги температурасы 10°Сден 20°Сге чейин жетет. Чоӊ Ньюфаундленд банкасынын түштүк четинде Гольфстримге түндүктөн муздак Лабрадор агымы жакындап, эки агым беттешкен жерде суу аралашып, үстүнкү суу төмөн түшөт. Гольфстрим системасына Түндүк Атлантика агымынан башка Норвег агымы, Ирмингер агымы, Нордкап агымы кирет. Гольфстримдин суусу Шпицбергендин түндүгүндө төмөн чөккөндөн кийин Түндүк Муз океанда аралык жылуу суу катмарын пайда кылат. Жылуу агымдардын системасы Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнүн ж-а Түндүк Муз океандын климатына, гидрологиялык ж-а биологиялык шартына, ошондой эле Европанын климатына чоӊ таасирин тийгизет.


Ад.: Гершман И. Г. Гольфстрим и его влияние на климат// «Метеорология и гидрология», 1939, ¹7–8.