ГОМЕОСТАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМЕОСТА́З, г о м е о с т а з и с (гомео... ж-а гр. stfsis – кыймылсыз абал) – биологиялык системалардын касиеттери м-н курамынын сырткы өзгөрүштөргө карата туруктуулугун сактап калуу жөндөмдүүлүгү. Бул терминди 1929-жылы америкалык физиолог У. Кеннон организмдин абалын ж-а туруктуулугун камсыз кылуучу процесстерге мүнөздөмө берүү үчүн сунуш кылган. Бирок, организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугу жөнүндөгү түшүнүктү 1878-жылы франциялык окумуштуу К. Бернар киргизген. Адамда ж-а сүт эмүүчүлөрдө гомеостазга суутек ионунун (рН), кан курамынын, осмос басымынын, дене температурасынын, кан басымынын туруктуулугу ж. б. функциялар кирет. Аны нейро-гумор, гормон ж-а бөлүп чыгаруу механизмдери камсыз кылат. Өсүмдүктө суунун туруктуулугу жалбырак үтүнүн ачылып-жабылып турушу м-н сакталат.