ГОМИНИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМИНИДДЕР (лат. hominidae – адам) – приматтар түркүмунън тукуму. Гоминиддерге азыркы типтеги (homo sapiens) ж-а археологиялык казуулардан табылган адамдар (питекантроп, неандерталь) кирет. Окумуштуулардын көбү Батыш Африкадагы австралопитек тегиндегилер ж. б. казылып алынган эки буттуу жогорку приматтарды гоминиддер тукумуна таандык деп эсептешет. Айрым изилдөөлөр архантроптордон берки азыркы типтеги адамдарды гана гоминиддерге киргизишет. Илимде гоминиддердин келип чыгышын үчүнчүлүк доордун (3,5 млн жыл чамасында) аягына ж-а төртүнчүлүк доордун орто ченине (1 млн жыл мурда) ыйгарган да көз караштар бар. 1970–80-жылдарда Африканын экватордук аймагында жүргүзүлгөн антропологиялык изилдөөлөр гоминиддердин чыгуу теги м-н эволюциялык өнүгүү мезгилдерине көптөгөн жаӊылыктарды алып келди. Австралопитек тегиндегилер мындан 4,5–1 млн жыл мурда жашаган. Илим азыркы адамдын эволюциялык өнүгүшүн негизинен 3 мезгилге бөлөт: б. з. ч. 2,5 млн – 400 миӊ жыл мурда жашаган байыркы адамдар (к. Архантроптор), б. з. ч. 500 миӊ – 40 миӊ жыл мурда жашаган адамдар (к. Палеоантроптор) ж-а азыркы адамдын түпкү теги – неоантроптор (к. Кроманьондуктар). Адамдын пайда болушу м-н эволюциялык өнүгүшүнүн алгачкы мезгилдеринде биологиялык факторлор чечүүчү роль аткарса, акырындык м-н коомдук факторлордун ролу арткан.