ГОМОГАМЕТАЛУУЛУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГОМОГАМЕТАЛУУЛУК (гомо... ж-а гамета) – организмдин жыныс клеткаларынын (гаметаларынын) хромосома жыйындысында бир же бир нече жуп бирдей жыныс хромосомасы болгон бирдейлиги, окшоштугу. Сүт эмүүчүлөрдө, балыктарда, кээ бир өсүмдүктөрдө гомогаметалуулук – ургаачы жыныска, ал эми канаттууларда, көпөлөктөрдө ж-а бүлдүркөндүн кээ бир түрлөрүндө гомогаметалуулук эркек жыныска мүнөздүү болот.