ГОМСТЕД-АКТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГО́МСТЕД-АКТ (англ. homestead – чарбак, участка) – АКШда жер кесип берүү жөнүндөгү мыйзам. АКШдагы граждандык согуштун (1861–65) мезгилинде эл массасынын ж-а республикалык партиянын радикал-демократчыл бөлүгүнүн кысымы м-н 1862-жылы май айында кабыл алынган. Бул мыйзамда АКШнын 21 жашка толгон ж-а Түштүк тарабында Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жаран 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Гомстед-акт б-ча 115 млн га чамалуу жер берилген. Гомстед-актынын кабыл алынышы башка чаралар м-н бирдикте АКШнын айыл чарбасында капитализмдин өнүгүшүнүн «америкалык» фермердик жолунун жеӊиши болгон.