ГОРБУНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРБУНО́В Алдар Петрович (11.8.1927-жылы туулган, Москва) – Кыргызстандын ж-а жалпы эле Азиянын табиятын, анын ичинде түбөлүк тоӊду изилдөөчү. География илимдеринин доктору (1974), профессор (1979). Көп жылдык тоӊ кубулушун изилдөөчү бир нече эл аралык уюмга ардактуу мүчө. Геокриологиялык илимий изилдөө иштерин Гималайда, Тибетте, Памирде, Анд (Аргентина), Аппалачи, Альп (Швейцария ж-а Австрия) тоолорунда, Моӊголиянын, Кытайдын, Кавказдын тоолорунда ж. б. жерлерде жүргүзүп, байыркы мөӊгүлөрдү иликтеген. Горбунов 1988–98-жылдары эл аралык түбөлүк тоӊ ассоциациясынын жумушчу тобунун мүчөсү. Өзү бүтүргөн Абай атындагы педагогикалык институтта (Алматы) улук окутуучу, доцент, Казакстан метеорология, Россиядагы тоӊ таануу ин-ттарында бөлүм башчы, Казакстан ИАнын география институтунда ага илимий кызматкер болуп эмгектенген. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 12 монографиянын ж-а илимий-популярдуу китептин автору. Түбөлүк тоӊ ж-а геокриология карталарын түзүүгө катышкан. Борбордук Азиянын топонимикасын да изилдеп, «Борбордук Азиянын тоолорунун географиялык аталыштары» (2005) деген китеп жазган.


Ад.: Горбунов Алдар Петрович // Казахская ССР. Краткая энциклопедия. Алма-Ата, 1989. Т.3; Горбунов Алдар Петрович // Вилесов Е. Н., Науменко А. А. География ХХ в. на Казахстанской орбите (Научно- биографический справочник). Алматы, 1998; Горбунов А. П. // Краснопольский А. В. Отечественные физико-географы (1917–1992). С.-Пб., 1993. Т. 1.