ГОРДЛЕВСКИЙ
ГОРДЛЕ́ВСКИЙ Владимир Александрович [25.9 (7. 10). 1876, Финляндия, Свеаборг – 10. 9. 1956, Москва] – тилчи, чыгыш таануучу-түрколог, түрк элинин тили, фольклору, адабияты, тарыхы боюнча

адис. Түркмөнстан илимине эмгек сиӊирген ишмер (1950), СССР ИАнын академиги (1946), Москвадагы чыгыш тилдер (Лазарев) институтун (1899) ж-а Москва университетинин тарых ж-а филология факультетин (1904) бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин түрк тилин үйрөнүү ж-а материал топтоо үчүн эки жылга Түркияга ж-а Сирияга жиберилген. Андан соӊ Парижде билимин жогорулаткан. Лазарев институтунун (кийин Москва чыгыш таануу институту болуп кайра түзүлгөн) түрк тили ж-а түрк адабияты тарыхынын мугалими (1907), СССР ИАнын чыгыш таануу институтунун Жакынкы ж-а Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн тили ж-а адабияты секторунун башчысы, профессор (1918). Гордлевскийдин түрк тилдер грамматикасынын орчундуу маселелерин чечүүдө ж-а түрк лексикологиясын, лексикографиясын иштеп чыгууда эмгеги чоӊ. Ал – «Түрк тилинин грамматикасынын» автору (1928), «Түркчө-орусча сөздүктүн» (1931), орусча-түркчө ж-а түркчө-орусча терминологиялык сөздүктөрдүн редактору. Түрк адабиятын изилдөө иштеринин ичинен «Жаӊы осмон адабияты боюнча очерктерин» (1912), «Осмон элдик чыгармачылыгынын үлгүлөрүн» (1916) бөлүп кароого болот. 11–13-кылымдардагы Жакынкы ж-а Орто Чыгыштын социалдык тарыхы, экономикасы боюнча материалдарды камтыган «Кичи Азиянын Сельжукиддеринин мамлекети» монографиясы (1941), «16-кылымдын 2-жарымындагы Түркиянын ички абалы» (1940) ж. б. эмгектери бар. Ошондой эле Гордлевский иранистика, арабистика, ислам таануу, орус адабиятынын таралышы, революцияга чейинки орус ж-а советтик чыгыш таануунун тарыхы боюнча изилдөө жүргүзгөн. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Гордлевский В. А. Избранные сочинения. Т. 1–4. М., 1960–68.
Ад.: Аракин В. Д. В. А. Гордлевский – исследователь тюркских языков (К столетию со дня рождения)// «Советская тюркология», 1976, ¹ 5; Баскаков Н. А. Академик В. А. Гордлевский – филолог-историк. «Советская тюркология», 1981, ¹ 5. Ч. Жумагулов.