ГОРМОНДОР
ГОРМОНДОР (гр. hormfo – козгойм, кыймылга келтирем) – ички секреция бездери же организмдин атайын клеткалары иштеп чыгарып, башка орган м-н ткандын ишине таасир этүүчү биологиялык активдүү заттар. Алар түздөн-түз канга куюлуп, тиричиликте маанилүү процесстерди – зат ж-а энергия алмашуу, гомеостаз, өсүү, өрчүү, көбөйүү ж. б-ды жөнгө салат. «Гормондор» терминин 1905-жылы англиялык физиолог Э. Старлинг киргизген. Гормондор физиологиялык өтө активдүү болгондуктан, аз гана өлчөмү органдын ишин бир кыйла өзгөртөт. Ал кан аркылуу таралып, ферменттик процесстерди күчөтүү ж-а токтотуу м-н физиологиялык ж-а биохимиялык реакцияны өзгөртүп, организмдин иштешине таасир тийгизет. Борбордук нерв системасынын клеткалары бөлүп чыгарган гормондор нейрогормондор деп аталат. Өсүмдүктө гормондор системасы кыйла татаал (фитогормондор). Гормондорду иштеп чыгаруучу эндокрин бездери омурткалуу жаныбарларда гана болбостон, омурткасыздарда (баш буттуу моллюскалар, рак сымалдар ж-а курт-кумурскаларда) да жакшы өөрчүгөн. Курт-кумурскаларда өсүү, түлөө, метаморфоз, жыныстык көбөйүү ж-а адаптация сыяктуу негизги процесстерди башкарат. Сүт эмүүчүлөрдүн 40тан ашык гормондору белгилүү. Алар химиялык табияты боюнча үч топко бөлүнөт: пептиддик ж-а белоктук (инсулин, пролактин ж. б.), амин кислоталардан алынган (адреналин, норадреналин, тироксин ж. б.), стероиддик (жыныс гормондору – андрогендер, экстрогендер, кортикостероиддер). Гормондор клеткадагы зат алмашуунун бардык түрүн тандап көзөмөлдөө м-н, ткань ж-а бүтүндөй организмдин өсүүсүн, гендик активдүүлүгүн, жыныстык калыптанышын ж-а көбөйүүнү, чөйрөнүн өзгөргөн шартына ыӊгайланууну, организмдин ички туруктуулугун, жүрүм-турумду шарттайт. Көпчүлүк гормондордун бөлүнүшү гипофиздин алдыӊкы бөлүгүнүн функциясына байланыштуу. Гормондордун функцияларын мээдеги гипоталамус жөнгө салат.