ГОРНО-АЛТАЙСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́РНО-АЛТА́ЙСК (1932-жылга чейин Улала, 1948-жылга чейин Ойрот-Тура) – Алтай Республикасынын борбору. 1928-жылдан шаар. Алтай тоолорунун этегинде, Майма суусунун боюнда жайгашкан. Бийск пристанынан ж-а темир жол бекетинен 96 км. Калкы 64,5 миӊ (2021). Гардина-тюль, токуу, тигүү, бут кийим, эмерек фабрикалары, темир-бетон буюмдар заводу иштейт. Пед. институт, коллеждер, илим-изилдөө институттар бар. 19-кылымдын башында пайда болгон.