ГОРЯЧЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРЯЧЕВА Валентина Дмитриевна (1939-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, азыркы Балыкчы шаары) – тарыхчы-археолог, тарых илимдеринин доктору (2011). 1964-жылы Ленин атындагы Ташкент мамлекеттик университетин бүткөн. 1964-жылдан Кыргыз ССР Маданият министрлигинде инспектор, мамлекеттик тарых музейинде бөлүм башчы, Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунда төраганын орун басары, Кыргыз ССР илимдер академиясынын тарых институтунда «Археология» адистиги боюнча кенже илимий кызматкер, окумуштуу секретарь, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы, сектор башчысы, Кыргыз-Россия-Славян университетинин культурология жана тарых кафедрасында доцент, профессор. 60тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография, 2 окуу китеби) автору.

В. Д. Горячева.


Эмг.: Сафед-Булон историко-археологический и архитектурный завоведник Кыргызстана. Бишкек: КРСУ, 2002. Городская культура тюркских каганатов на Тянь-Шане (XV– начало XIII вв.) – Бишкек: Илим, 2010.