ГОТ ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОТ ЖАЗУУСУ – орто кылымдагы (XII–XVII кылымдар) латын жазуусунун графикалык түрү. Анын алгачкы үлгүлөрү X кылымдарда Италияда, XI кылымдын аягында Батыш Европанын башка өлкөлөрүндө пайда болгон. Ал төрт түргө бөлүнөт: 1) текстура – сүйрү жазуу; 2) фрактура – сүйрүлөнгөн сынык жазуу; 3) швабахер – айрым тамгалары тегерек келген сынык жазуу; 4) тегерек Гот жазуусу – Кайра жаралуу доорундагы Гот жазуусу менен гуманисттик жазуунун ортосундагы өткөөл жазуу. Жаӊы немец басмаларында Гот жазуусу сейрек колдонулат.

Гот алфавити