ГОХУА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОХУА́ – кытай улуттук живописи. Гохуа термини Кытайда XX кылымдын башында пайда болгон жана ал тушь менен тартылган салттык живописти май боёк менен тартылган европалык живопистен айырмалоо үчүн колдонулган. Азыркы учурда бул термин кеӊири пайдаланылат жана ал кытай көркөм искусствосунун ар кандай түрлөрүн – живописти, графиканы, дубалдагы жазууларды, жаӊы жылдык сүрөттөрдү, кагаздан кесилген элдик оймолорду жана башкаларды өз ичине камтыйт. Маӊызы боюнча Гохуа – кытай маданиятынын көп кылымдык өнүгүүсүнүн натыйжасында калыптанган, анын өзгөчө көркөм образдык системасын, кытай көркөм искусствосунун айырмачылыктарын көрсөткөн стиль, түшүнүк. Бирок көп учурда Гохуа живописке карата колдонулат. Гохуа живописи кээ бир техникалык өзгөчөлүктөрдөн

Ли-Кэжань. «Кичинекей бадачылар буйволдор менен».
Менчик жыйнак. Прага.

(жибек менен жумшак, тез суулануучу кагазды, кара жана түстүү тушту, тунук жана коюу боёкторду пайдалануу) башка да кытай живописи үчүн салт болуп калган көркөм таасирдүүлүктөгү каражаттарга бай. Линиялык сүрөттөөлөрдүн басымдуулугу, жарык шаӊынын жоктугу, деталды чебер бөлүп көрсөтүүдөгү жалпылык, башкача айтканда кытай живописинин бүт сапаттары Гохуа стилин өзгөчөлөнтүп турат. Гохуа живописи өзүнүн мүнөзү жана мазмуну боюнча өтө эле көп кырдуу, ал ар кыл жанрларды, көркөм мектептерди жана жеке чыгармачыл ыкмаларды камтыйт. Гохуа живописи өз ичине өнүгүүнүн мындан аркы эӊ чоӊ мүмкүнчүлүктөрүн катып турат, ошондуктан бул улуттук көркөм искусствону окуп-үйрөнүүгө өзгөчө көӊүл бурулууда. 1956-жылы Пекин менен Шанхайда Гохуа боюнча теоретиктерди жана сүрөтчүлөрдү даярдап чыгаруучу кытай улуттук живопись институттары түзүлгөн.