ГРАВИМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИМЕ́ТР (лат. gravis – оор ж-а …метр) – оордук күчүнүн ылдамдануусун салыштырмалуу түрдө өлчөөчү прибор (к. Гравиметрия). Гравиметрдин көбү пружиналуу же айланып туруучу так тараза түрүндө жасалат. Мындай Гравиметрдин иштөө принциби кичинекей гана жүктүн оордук күчүн

ГАЭ гравиметри: а – жалпы көрүнүшү; б – схемалык түзүлүшү.

компенсациялоочу пружинанын деформациясы же кварц жибинин чыйралуу бурчу боюнча оордук күчүнүн ылдамдануусунун айырмасын өлчөөгө негизделген. Өлчөө адегенде оордук күчүнүн ылдамдануусу белгилүү болгон баштапкы пункта, андан кийин изилденүүчү жерде жүргүзүлөт. Жакшыртылган Гравиметрдин тактыгы миллигалдын (мгл) он миӊдик үлүшүнө жетет. Кен байлыктарды чалгындоодо кварц Гравиметри кеӊири колдонулат (к. сүрөттү). Гравиметр бургулоо көзөнөгүнүн, деӊиз ж-а аэрогравиметр (анын ичинде космос аппаратына орнотулма) болуп айырмаланат.