ГРАВИТАЦИЯЛЫК СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИТАЦИЯЛЫК СУУ – өзүнүн салмагы м-н тоо тектердин жаракалары ж-а көӊдөйчөлөрү аркылуу аккан же сарыккан жер астындагы суу. Гравитациялык суу бош болот, ошондуктан аларды сордургучтар (насостор) м-н жер астынан сордуруп алып, өндүрүштө, чарбачылыкта, имараттарды жылытууда, ошондой эле ичүүдө пайдаланат.