ГРАДУС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГРА́ДУС (лат. gradus – кадам, даража, баскыч) т е м п е р а т у р а л ы к – 1) ар кандай температура бирдиктеринин жалпы аталышы. Кельвин шкаласы же кельвин (К), Цельсий (°С), Реомюр (°R), Фаренгейт (°F), Ранкин (°Ra) градустарына айырмаланат. 1К=1°С=0,8°R=1,8°F=1,8°Ra. Кельвин – Эл аралык бирдиктер системасындагы (СИ) негизги бирдиктеринин бири. 2) б у р ч т у к – жалпак бурчту өлчөө бирдиги. Ал тик бурчтун 1/90 бөлүгүнө барабар. Белгилениши (°). 1°=60’=3600″, мында ’– минута, ″– секунда. Тик бурч 90°, жайылган бурч 180° ж-а толук айлана 360°ка барабар. Градус айлананын жааларын өлчөөдө да колдонулат.