ГРАММ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГРАММ (фр. grоmme, лат. ж-а гр. gramma – салмактын эӊ кичине өлчөмү) – масса бирдиги. СГС бирдиктер системасындагы массанын негизги чен бирдиги, СИде массанын үлүштүк бирдиги (0,001 кг). Грамм килограмм эталону аркылуу анын миӊден бир бөлүгү катары аныкталат. 1 г бул 0,2%ке жакын тактык м-н алынган 1 см3 химиялык таза суунун эӊ чоӊ тыгыздыктагы (температурасы 4°Сге жакын) массасына барабар.