ГРАММАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАММА́ТИКА (гр. grammatike, grfmma – тамга, жазуу дегенден) – тил илиминин бир бөлүгү; сөздөрдүн структурасын, алардын маани ж-а форма б-ча өзгөрүү, сөздөрдүн айкашуу, ошондой эле сүйлөмдөрдүн түзүлүү эрежелеринин жалпылыгын изилдейт. Изилдөө максатына жараша Грамматика экиге бөлүнөт: морфология ж-а синтаксис. Морфология тилдеги сөздөрдүн маани ж-а форма жагынан өзгөрүү жалпылыгын изилдесе, синтаксис сөз айкашуу, сүйлөм түзүү эрежелеринин жалпылыгын, алардын структурасын изилдейт. Тилдердин грамматикалык өзгөчөлүктөрүнүн мазмунун ар бир тилге мүнөздүү грамматикалык формалар ж-а грамматикалык маанилер (мисалы, жөндөлүш, жакталыш, сан, артикль, ыӊгай, мамиле, сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланыш ыкмалары ж. б. ) түзөт. Бирок булар бардык тилдерге мүнөздүү эмес. Мисалы, түрк тилдеринде род, артикль категориялары жок, алар – флексиялуу тилдерге тиешелүү көрүнүштөр. Азыркы мезгилдеги грамматикалык ыкмалардын башатында байыркы индиялык филология илими ж-а анын көрүнүктүү өкүлү – Панини (б. з. ч. 4–3-кылым) турган. Ал эми азыркы грамматикалык терминдердин көпчүлүгү байыркы грек грамматикалык окууларынан (Аристотелден, стоиктерден, Александрия мектебине тиешелүү Грамматикалардан), Рим Грамматикаларынан (Варрон) алынып, орто кылымда андан ары өрчүтүлгөн. Орус тилинин биринчи Грамматикасын 1755-жылы М. В. Ломоносов түзгөн. Түрк тилдеринин биринчи Грамматикасы («Грамматика татарского языка», СПБ, 1801) Иосиф Гиганов тарабынан түзүлүп, 1802-ж. жарык көргөн. Мектептерде тилди окутуунун негизги куралы болуп эсептелген Грамматикалардын мазмунун морфология ж-а синтаксис м-н бирге фонетикага, орфоэпияга ж-а пунктуацияга байланыштуу маалыматтар да түзөт. Кубулуштарды түрдүүчө максатта баяндоосуна жараша Грамматикалар сыпаттама, салыштырма, тарыхый ж. б. болуп бөлүнөт. Кыргыз тилинин биринчи Грамматикасын 1927-ж. К. Тыныстанов түзгөн. Кийин Б. Юнусалиев, Х. Карасаев, И. А. Батманов, Б. Данияров, З. Бектенов, А. Жапаров, Ы. Жакыпов, Ж. Мукамбаев, К. Сартбаев, Б. Орузбаева, М. Мураталиев, А. Турсунов, Ж. Сыдыков, С. М. Кудайбергенов, Т. К. Ахматов, С. А. Давлетов, А. Иманов, С. Мусаев ж. б. окумуштуулар кыргыз тилинин Грамматикасын изилдөөдө салым кошушкан.


Ад.: Батманов И. А. Грамматика киргизского языка. Т. 1–3. Ф., 1939–40; Коллектив; Кыргыз тилинин грамматикасы (морфология). Ф., 1964; Тыныстанов К. «Окуу китеби», Таш., 1927; «Эне тилибиз», 1-бас., Ф., 1927; «Эне тилибиз», 2-бас., 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», Ф., 1934.