ГРАММАТИКАЛЫК МААНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАММАТИКАЛЫК МААНИ – айрым сөздөрдүн өзүнө гана же алардын бир нечесине же бүтүндөй бир тобуна тиешелүү болуп, алардын грамматикалык табиятын аныктоого мүмкүндүк берген маани. Грамматикалык маани ар түрдүү грамматикалык каражаттардан турат, белгилүү сөз түркүмдөрүнүн тобуна жалпы тийиштүү болуп, аларды экинчи бир грамматикалык касиетке ээ болгон топтон айырмалоого мүмкүндүк берет.