ГРАНИТ
ГРАНИ́Т (итал. granito – данекче, лат. Granum – бүртүкчө) – кремний кычкылына бай магма тоо теги. Жер кыртышында кеӊири тараган. Гранит 30–40% калий талаа шпаты (ортоклаз, микроклин), 10–20% кычкыл плагиоклаз (альбит, олигоклаз), 25–30% кварц, ошондой эле слюдалар (биотит же мусковит), амфибол, сейрек учурда пироксен минералдарынан турат. Гранит – толук кристаллдашкан, кээде порфирит структуралуу тоо тек. Өӊү боз, саргыч, бозомтук кызгылт, кызыл. Тыгыздыгы 2,6 г/см3, кысууга чыдамдуулугу 300 МПа. Батолит, лакколит, шток, тарам жана башка түрүндө башка тоо тектердин арасында жатат. Геологиялык жашы боюнча табиятта архейден тартып кайнозойго чейинки Граниттер интрузиялары болот. Кыргызстандын көп жеринде бар. Гранит менен калай, вольфрам, молибден, коргошун, цинк жана башка көптөгөн металлдардын кендери байланыштуу. Гранит – баалуу курулуш материалы. Анын кээ бир түрлөрү – жогорку сапаттары карапа сырьёсунун (талаа шпатынын) жана слюданын (мусковиттин) кени. Ошондой эле скульптурада, жасалга искусствосунда, курулушта каптоочу материал катары жана башкаларда кеӊири пайдаланылат. Бишкек шаарындагы М. В. Фрунзе, Зууракан Кайназарова, Тоголок Молдо, Токтогул, Аалы Токомбаев жана башка белгилүү адамдардын эстеликтери Граниттен тургузулган.


