ГРАУВАККА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГРАУВА́ККА (нем. grau – боз ж-а wacke – чополуу тоо тектин бир түрү) – цементтик материалдардын басымдуулугу менен мүнөздөлүп, ар түрдүү чөкмө жана интрузия, эффузив, метаморфизм тоо тектеринин майда сыныкчаларынан түзүлгөн чөкмө тоо тек. Өӊү каралжын боз, кара же кочкул жашыл. Сыныкчалары кырдуу же бир аз гана жумуруланып, начар сорттолгон. Граувакка Геосинклиналь аймактарына гана мүнөздүү. Мында байыркы тоо тектерден турган ички көтөрүүлөрдүн талкаланды материалдары тез топтолуп, Граувакканын калыӊ катмарлары пайда болгон.


