ГРАФИКАЛЫК ЖУМУШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГРАФИКАЛЫК ЖУМУШ – графика каражаттарынын жардамы менен сызыктарды, штрихтерди жана чекиттерден түзүлгөн сүрөттөлүштөрдү алуу. Айрым графикалык көркөм чыгармалар ар кандай полиграфиялык жолдор (мисалы, ксилография, гравюра, литография, цинкография жана башкалар) менен алынат. Түрдүү кубулуштарды изилдөө аркылуу сүрөттөлүштөрдү алууда өз алдынча жазуучу приборлор (мисалы, медицинада кардиограммалуу жана башкалар) колдонулат. Математика сабагында диаграммалар жана графиктер, пландар; география, тарыхта пландар жана карталар; физика, чийүү, эмгекке үйрөтүү сабактарында схемалар колдонулат.