ГРЕКТЕР
ГРЕКТЕР (өздөрүн эллинес деп аташат) – эл, Грекия ж-а Кипрдин жергиликтүү калкы. Б.з.ч. 1 миң жылдыкта Европанын түштүк-чыгышында калыптанган. АКШ, Россия, Германия, Канада, Австралия, Италия, Туркия, Египет, Албания, Франция, Сербия, Украина, Грузия, Армения, Казакстан ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 13 млн киши, анын 9 млну Грекияда, 700 миӊи Кипрде (2011). Жаӊы грек тилинде сүйлөшөт. Негизинен православныйлар. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башында Балкан жарым аралынын түштүгүнө, Эгей деӊизинин аралдарына, Кичи Азиянын батыш жээгине көчүп келишкен протогрек уруулары (ион, ахей, золий, дорий) жергиликтүү элдер (пеласги) м-н жуурулушунун негизинде байыркы грек калкы калыптанып, Гректердин этностук негизин түзгөн. Гректердин колониялоо доорунда Жер ортолук ж-а Кара деӊиз жээгиндеги Гректер (б. з. ч. 8–6-кылымдар) маданий биримдикке жетишип, «эллиндер» деген атка ээ болгон. Алгач грек элинин курамына кирген бир уруунун аталышы болгон, кийин


грек тилинде сүйлөгөн бардык калкка жайылган. Эллиндерди Гректер деп римдиктер атап, алар аркылуу Европага белгилүү болгон. Орто кылымда Гректер Византия империясынын негизги уюткусун түзүп, ромейлер деп аталган. Алардын фракиялыктар, иллириялыктар, кельт, валах, славян, албан топтору м-н бара-бара жуурулушунан Гректердин этностук курамы өзгөргөн. Осмон түрктөрүнүн грек жериндеги бийлиги (15-кылым – 19-кылымдын 1-жарымы) Гректердин руханий маданияты м-н тилине тереӊ из калтырган. 1821–29-жылдарда Улуттук-боштондук революциясынын натыйжасында көз каранды эмес Грекия мамлекети (1830) түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук. Үйлөрү таштан, кыштан эки кабат салынып, астыӊкы кабатында чарбачылык жайлары, мал короолору жайгашкан. Улуттук кийиминде ийиндүү тигилген, күӊүрт түстүү байыркы жалпы балкан элементи сакталган. Аялдар кымча бел, узун көйнөк, алжапкыч, сарафан кийип, баштарына жоолук салынып, белине саймаланган, асыл таштар чөгөрүлгөн белбоо тагынышат. Эркектер кыска (тизеден өйдө) фустанелла, кенен (бир нече кыйыкталган) тигилген ак белдемчи, алтын тасмалуу ачык түстөгү күрмө же кыска кара желетке ж-а калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен өсүмдүктөрдөн жасалып, төө буурчак, голубцы, жашылча рагу, маринаддалган зайтун жемиши, сүт азыктарынан быштак, айран кеӊири колдонулат. Улуттук майрамы – масленица.
Ш. Керимов.