ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ
ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ – күрөштүн кол м-н тулку кыймылына негизделген ыктар колдонулуучу түрү. Грек-рим күрөшүнүн негизги максаты—атаандашынын эки далысын теӊ килемге тийгизүү. Эгерде белгиленген мөөнөттө балбандар бири биринин далысын килемге тийгизе албаса, анда жеӊиш техникалык ыкма м-н упайды көп алган балбанга ыйгарылат. Машыгуу ж-а мелдешке катышуу үчүн спортчулар жашына ж-а салмагына жараша бөлүнөт. Күрөшүү убактысы 5 мин. Мелдеш диаметри 9 м келген атайын килемде өткөрүлөт. Бул күрөштүн ыкмалары байыркы Грекия м-н Римде өткөрүлгөн күрөш ыкмаларына окшош болгондуктан, Грек-рим күрөшү деп аталган. 1896-жылы Грек-рим күрөшүнүн жаӊы эрежеси кайра иштелип, Олимпия оюндарынын, 1921-жылдан дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Эл аралык федерациясы 1912-жылы негизделип, 100дөн ашык өлкө мүчө болгон. Алгач бул күрөш «французча күрөшүү» деп аталып, 1947-жылы Грек-рим күрөшү, 1948-жылдан классикалык күрөш, 1991-жылдан азыркыдай аталат. Кыргызстанда спорт чебери наамын биринчи 1939-жылы А. Абрамов алган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чеберлери: Э. Никифоров, Ю. Мельниченко, Р. Гебеков, К. Дүйшөнбиев, Р. Санатбаев.