ГРЕК-ТҮРК СОГУШУ (1919–22)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕК-ТҮРК СОГУШУ (1919–22) Антанта мамлекеттеринин баскынчылыгына каршы түрк элинин улуттук-боштондук согушу. Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы жеӊилгенден кийин англиялык, франциялык, италиялык аскерлер Түркиянын көп жерин оккупациялаган. Алдыӊкы державалардын чечими б-ча грек аскерлери Измирге басып кирет. Бирок Түркияда 1918-жылы башталган улуттук-боштондук кыймыл оккупанттардын планын жүзөгө ашырткан жок (к. Кемалчылар революциясы). 1920-жылы 23-апрелде кемалчылар Түркиянын жаӊы улуттук Улуу чогулушун чакырып, Ататүрк башкарган Улуттук өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөттүн аскерлеринен грек армиясы 2 жолу (1921-ж. 10-январь, 31-март) жеӊилсе да, Анкарага өтө жакын кирип келген. Ушундай кырдаалда Түркия м-н РСФСРдин ортосунда достук ж-а бир туугандык жөнүндө келишимдин (1921-жыл 16-март) түзүлүшү түрк элинин улуттук-боштондук күрөшүнө чоӊ жардам берген. Түрк аскерлери 1922-жылы 30-августта Думлупынардын жанындагы салгылашта грек армиясын талкалап, 9-сентябрда Измирди, 18-сентябрда бүткүл Анадолуну бошоткон. Муаний убактылуу элдешүүсү (1922), Лозанна тынчтык келишими (1923) Грек-түрк согушун бүтүрүп, Түркия өз алдынчалыгын сактап калган.