ГРЕЧКО Прокопий Данилович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕ́ЧКО Прокопий Данилович (1878–1932) – Жети-Сууда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыӊдоо үчүн күрөшкө катышуучу; Пржевальск уезддик большевиктер уюмун уюштургандардын ж-а аны жетектегендердин бири. 1905–07-жылдарда революцияга катышкан. 1909-жылы Пржевальск уездиндеги Липенка кыштагында революциячыл иштерге катышкандардын кыштактык тобун уюштурган. 1914–18-жылдары биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1918-жылы январда өткөрүлгөн Дыйкан депутаттар советтеринин Жети-Суу облустук съездинде советтин төрагасы болуп шайланган. 1918-жылы июлда Пржевальскиде большевиктик уюмдун төрагалыгына дайындалган. Кийин Пржевальск уезддик советинин ж-а ЭКСтин Нарын революциячыл комитетинин төрагасы болгон.