ГРИБАЧЁВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИБАЧЁВ Николай Матвеевич [6 (19). 12. 1910, азыркы Брянский облусу, Лопушь кыштагы – 10.3.1992, Москва] – акын, жазуучу, журналист, коомдук ишмер, СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1948, 1949), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1960), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). «Советский Союз» журналынын башкы редактору (1950–54, 1956–91) болуп иштеген. «Түндүк-Батыш» (1935), «Согуш жолдору менен» (1945) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Грибачёвго «Большевик» колхозу» (1947), ««Победадагы» жаз» (1948) поэмалары үчүн мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Ошондой эле «Август жылдыздары» (1958), «Түнкү добул» (1964) ж. б. аӊгемелери белгилүү. Айрым ырлары кыргыз тилине которулган. 4 жолу Ленин ордени (1960, 1967, 1974, 1980), Октябрь Революциясы ордени (1970) ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.: Поэма жана ырлар. Ф., 1956.