ГРИВНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГРИ́ВНА – моюнга тагынуучу асем буюм. Ал металл, коло, темир, күмүш жана алтындан жасалган. Коло доорунда пайда болуп, көптөгөн өлкөлөрдө кеӊири колдонулган. Мидия, Персияда айрым аялдар жана эркектер, галлдарда аялдар, уруу башчылары тагынган. Римдиктер Гривнаны согуш мезгилинде айырмалангандарга сыйлыкка берген. Гривна скифтер, сарматтар, ошондой эле орто кылымда батыш жана чыгыш славяндар, скандинавдар жана Волга, Кама, Ока боюнда жашаган балт урууларында кийимге тагылчу кооздук буюм болгон. 1988-жылы Кыргызстанда (Бишкек шаарынын түндүк тарабында) биздин заманга чейинки III–V кылымдарга таандык алтындан жасалган Гривна табылган.


