ГРИФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИФО́Н , г р и ф (фр. griffon) – Байыркы Чыгыш жана Грекия элдеринин мифологиясында арстан денелүү, канаттары менен башы бүркүттүкүндөй же арстандыкындай фантастикалык жаныбар. Ал жасалга катары жүз жылдап сакталган. Көбүнчө антика көркөм искусствосунда кездешет жана классицизмдин антикалык үлгүлөрүн камтыган чыгармаларда жолугат.