ГРИФФИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИ́ФФИТ Дэвид Уорк (22. 1. 1875, Ла-Грейнж – 23. 7. 1948, Голливуд, Америка Кошмо Штаттары) – америкалык кинорежиссёр, журналист, актёр, сценарист. «Оскар» сыйлыгынын лауреаты (1935). 1907-жылдан киного тартылган. 1913-жылы Голливудга келип, продюсерлик кылган; Чарли Чаплин жана башкалар менен бирге тасма прокаттоочу фирма уюштурган. Д. Гриффит дүйнөлүк кино искусствосуна чоӊ салым кошкон, кино тартуу техникасына жаӊылыктар киргизген. Гриффиттин чыгармачылыгында карама-каршылыктар көп. 1915-жылы «Улуттун төрөлүшү» аттуу реакциячыл тасма тарткан, ал эми «Элдешпес» (1916) жана «Дүйнө жүрөгү» (1918) тасмаларында алдыӊкы ой-пикирлер козголуп, өз заманы үчүн өтө жаӊычыл каражаттар пайдаланылган. Ал Ч. Диккенстин, Ж. Лондондун, Э. Понун чыгармаларын

«Нью-Йорк калпагы» тасмасынан кадр. Режиссёру Д. У. Гриффит. (Актриса М. Пикфорт). 1912.

экрандаштырган.

Д. У. Гриффит
«Улуттун төрөлүшү», 1915-жыл. Режиссёру Д. Гриффит.