ГРОДНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРО́ДНО – Беларуссиядагы шаар. Гродно облусунун административдик борбору. Неман дарыясынын боюнда. Калкы 957,0 миӊ (2020). 17-кылымда Улуу Литва княздыгындагы чоӊдугу б-ча 2-шаар болгон. Темир жол тоому ж-а пристань. 1128-жылдан белгилүү. 1376-жылдан Литва ж-а Польшанын, 1795-жылдан Россия империясынын, 1920–39-жылдары Польшанын курамында болгон. Химиялык («Жасалма була», «Азот» өнөр жай бирикмелери, лак, сыр ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, жеӊил (текстиль, булгаары-бут кийим ж. б.), кантты кайрадан иштетүүчү, курулуш материалдар, жыгаччылык, үй куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Үч ЖОЖ (айыл чарба институту, университет), 3 музей (тарых, археология), музей-корук, 2 театр (анын ичинде орус драма) бар. Архитектура эстеликтери: Борисглебск чиркөөсү (12-кылым), Эски (16-кылымдын аягы) ж-а Жаӊы капка (18-кылым) ж-а иезуит костёлу (17–18-кылымдар) ж. б.