ГРОССУЛЯ́Р – гранаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Са3Al2[ SiO4]3
Кристаллы ачык жашыл, күрөӊ, түзсүз. Салыштырма салмагы 3,6. Скарндан пайда болот. Тунук Гроссуляр – зергерчиликте колдонулуучу баалуу таш.