ГРОТЕСК
ГРОТЕ́СК (фр. grotesque, итал. grottesco – тике маанисинде – «күлкүлүү», башкага окшобогон; «гротэск» деп окулат) – 1) а д а б и я т т а, окуяларды, предметтерди, адам мүнөздөрүн адаттан тышкары ашырып же фантастикалык ыкта басаӊдатып көрсөтүү. Гротеск сатиралык сурөттөөгө жакын. Бирок мында шылдыӊ, сындоо менен ирония – жумшак юмор бирдикте келет да, бирде күлкү келтирсе, бирде шылдыӊдалат. Гротеск көбүнчө сатиралык мүнөздө болот. Орус адабиятында Н. Гоголдун «Мурун», «Өлүк жандар», М. Е. Салтыков-Щедриндин «Бир шаардын тарыхы» өӊдүү чыгармалар – Гротесктин классикалык үлгүлөрүнөн. Кыргыз адабиятында М. Алыбаев («Ак чүч», «Бюрократ»), Р. Шүкүрбеков («Жинди суу») чыгармаларында Гротеск ыктуу колдонулган; 2) көркөм сүрөт и с к у с с т в о с у н д а, өсүмдүк, айбан, адам жана башкалардын сөлөкөттөрүн укмуштантып фантастикалык формада айкалыштыра тарткан сүрөт-чийме. Гротесктик образдан көп учурда күлкүлүү жана комедиялуу нерсе трагедиялык жана драмалык мааниге чейин өсүп жетилет. Мындай чагылдырууларга О. Домье, Ф. Гойя жана Ж. Каллонун сүрөттөрү, Х. Босх менен П. Брейгелдин картиналары кирет. Гротеск сатиралык мүнөздөгү чыгармаларда көп кездешет (мисалы, Кукрыниксилердин саясий карикатураларында); 3) италиялык Кайра жаралуу доорунда кеӊири тараган орнаментациянын аталышы. Жер алдында (Рим «гротторунда») сакталып калган антикалык оймо жазуулар Гротеск аталган. Гротеск көбүнчө өсүмдүк формалары түшүрүлгөн жана бири-бирине шайкеш келген тилкелерден турат. Негизинен архитектура деталдарында, өзгөчө пилястрларда кездешет (Арабеска менен салыштыр). Кеӊири түшүнүктө Гротеск – кескин мүнөздөгү карикатурадан, түрү суук же таӊкаларлык нерседен фантастикалык абалга жеткирилген нерселер.
