ГРУЗИН ЖАЗУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГРУЗИ́Н ЖАЗУУСУ – байыркы жазуулардын бири. Сакталып калган эӊ байыркы эстеликтери V кылымга таандык. Грузин жазуусу жаӊы доордун алгачкы кылымдарында Грузияга тараган арамей жазуусунан пайда болгон. Кийин Грузияга христиан дининин таралышына (болжол менен 337-жыл) байланыштуу жана грек жазуусунун таасири менен бир аз өзгөрүүгө дуушар болгон. Грузин жазуусунун байыркы жазуу (V–XI кылымдар), жаӊы жазуу (XI кылымдын ортосунан баштап) деген эки варианты бар, байыркысы «хуцури», жаӊысы «мхедрули» деп аталат. Китеп басуу пайда болгондон тартып, грузин алфавити бир системага түшкөн.


