ГРУММ-ГРЖИМАЙЛО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО , Г р у м - Г р ж и м а й л о Григорий Ефимович [5(17).2.1860, Петербург – 3.3.1936, Ленинград] – географ ж-а зоолог. Батыш Кытайды, Памирди, Теӊир-Тоону (1884–90), Батыш Монголияны ж-а Тываны, Ыраакы Чыгышты (1903–14) изилдөөчү. Россия илимине эмгек сиӊирген ишмер (1928). Петербург университетинин физика-математика факультетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1884). 1884–87-жылдары Алай, Памир, Теӊир-Тоо, Түштүк-Батыш Тажикстан ж-а Батыш Кашкарга саякат жасап, «Памир менен чектеш өлкөлөрдүн очерки» (1886), «Памир жана анын лепидоптерологиялык жаныбарлары» (1890) ж. б. эмгектерин, 1889–90-жылдары Борбордук Азияга жасаган экспедициясынан кийин «Батыш Кытайга саякат» (1896–1907) деген үч томдуу эмгегин жазган. Бэйшань тоолорун ж-а Турпан чуӊкурдугунун тереӊдигин (–130 м, кийинки маалыматтар б-ча –154 м) аныктаган. 1903–14-жылдарда Батыш Монголия, Тыва (мурунку Урянхай крайы), Ыраакы Чыгыш, Копет-Даг ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, «Амур облусу» (1894), «Батыш Монголия жана Урянхай крайы» (1–3 т., 1914–30) ж. б. көп эмгектерин жараткан. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн табиятын, саясий ж-а тарыхый географиясын, этнографиясын мүнөздөгөн, кыргыз элинин байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхын изилдеген. 1934-жылы «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Грумм-Гржимайло енисей кыргыздары Теӊир-Тоого 9-кылымдын ортосунда келген, ал эми 13-кылымда Теӊир-Тоого Түштүк Сибирден буруттар келип, кыргыздар м-н жуурулушуп кеткен деп эсептеген. Сихотэ-Алиндеги ашуу, Памир ж-а Богдо-Ула тоолорундагы мөӊгүлөр Грумм-Гржимайлонун ысмынан аталган.

Ад.: Грумм-Гржимайло А. Г. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.).