ГУАНЧЖОУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУАНЧЖО́У, К а н т о н – Түштүк Кытайдагы ири шаар ж-а экономикалык борбор. Порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Гуандун провинциясынын административдик борбору. Түштүк Кытай деӊизине жакын (110 км), Чжуцзян дарыясынын дельтасында жайгашкан. Калкы 10,0 млн (2020). Эл аралык аэропорту бар. Текстиль (жут, рапс, пахта, жибек), тамак-аш (кант ж. б.) ж-а целлюлоза-кагаз, ошондой эле кара металлургия, машина куруу, химия, цемент, резина, булгаары-бут кийим, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сунь Ятсен атындагы университет бар. Б. з. ч. 3-кылым ченде пайда болгон.