ГУДРОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГУДРО́Н (фр. goudron) – 1) майлуу же калдыктуу Гудрон – нефтиден бензин, керосин жана негизги май фракцияларын алгандан кийин калган кара илээшкек чайыр масса. Тыгыздыгы 950–1000 кг/м3. Гудрон жол курулушунда колдонулуучу, чатыр жабуучу жана изоляция материалдарын жасоо үчүн битум алынуучу сырьё болуп эсептелет. Май фракциясы толук эмес бөлүнгөн калдык жарым Гудрон деп аталат. 2) Кычкыл Гудрон – нефть продуктуларынын (мисалы, майлоочу майлар) концентрациясы, туз кислотасы менен тазалагандан кийинки калдык.


