ГУЙЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУЙЯ́Н – Кытайдын түштүк-батышындагы шаар. Гуйчжоу тайпак тоосунун этегинде, Наньминхэ дарыясынын (Янцзы дарыясынын алабы) боюнда жайгашкан. Гуйчжоу провинциясынын административдик борбору. Калкы 4,4 млн (2016). Металлургия, машина куруу (тоо-кен, транспорт, химия жабдуулары), химия, тамак-аш, текстиль, цемент, айнек, кагаз, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Гуйянда Кытай ИАнын филиалы (1958-жылдан), университет, институттар бар.