ГУК ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУК ЗАКОНУ – серпилгич чөйрөдөгү чыӊалуу м-н кичине деформациялар арасындагы сызыктуу көз карандылыкты туюндуруучу закон. Англиялык физик Р. Гук 1660-жылы, узуну ж-а туурасынан кесилиш аянты болгон өзөккө күчү м-н аракет этсе, анда анын узаруусу ошол күчтүн чоӊдугуна түз көз каранды экендигин тапкан, башкача айтканда , мында (E – Юнг модулу). Гук законун төмөнкүчө жазууга болот: , мында – нормалдуу чыӊалуу, – салыштырма узаруу. Жылышуудагы жантайма чыӊалуу жылышуу деформациясына ( түз көз каранды, б. а. , мында – жылышуу модулу). Гук законун берилген материалдын касиетине жараша сырткы күч м-н деформациянын маанилери белгилүү чоӊдуктан ашпаганда орун алат.