ГУМИДДҮҮ КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУМИДДҮҮ КЛИ́МАТ (лат. humidus – нымдуу) – жаан-чачындын өлчөмү буулануудан көп болгон аймактардагы ашыкча нымдуу климат. Мында жаан-чачын сууларын буулантуу үчүн күн нуру жетишпейт. Гумиддүү климаттын 2 түрү бар: у ю л д у к – кыртышта көп жылдык тоӊдун болушунан суу жерге сиӊбейт; ф р е а т т ы к – жаан-чачын жарым-жартылай сиӊип, жер астындагы сууга өтөт. «Гумиддүү климат» терминин 1-жолу немец илимпозу А. Пенк климаттын геоморфологиялык классификациясын иштеп чыгууда сунуш кылган.