ГУС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУС Ян (1371, Гусинец – 1415, Констанца) – чех элинин улуттук баатыры, чех Реформациясынын идеологу. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн. 1393-жылы Прагадагы Карл университетин бүткөн. 1396-жылы ошол университеттин магистри, 1401–1402-жылдары эркин искусстволор факультетинин деканы, 1402–1404- жана 1409–1410-жылдары Карл университетинин ректору. Ян Гус немецтердин жана католик чиркөөсүнүн зомбулугуна каршы Чехиядагы элдик кыймылдын идеологу болгон. Чех тилинде сүйлөгөн сөздөрүндө католик динчилеринин кыянатчылыгын, моралдык жактан кедери кеткенин ашкерелеп, адепки христиан дининин принциптерине кайтуу, жөнөкөй адамдар менен дин кызматкерлеринин укугун теӊөө талабын койгон. 1409-жылдан католик чиркөөсү менен чыр-чатагы ырбап, Я. Гус Констанца соборунун

Реформатор Ян Густу өрттөө. Ульрих фон Рихенталдын Собор хроникасынан гравюра. 1482. Констанц.

сотуна чакырылган. Император Сигизмунд Iнин Ян Гуска кол тийгизбөө жөнүндөгү грамотасына карабай, Гус Ян кармалган. Анын тирүүлөй өрттөлүшү гусчулардын революциячыл кыймылын баштаган. Я. Гус чех элинин улуттук укугун, тилин жана маданиятын коргоп, чех орфографиясын системалаштырган. 1915-жылы Прага шаарында Ян Гуска эстелик орнотулган.

Ян Гус